# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-14/51-7-(ПС) "Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-14/51-7-(ПС) "Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2017-П-14/51-7-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-608/edition/907300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-14/51-7-(ПС) "Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө" токтому (13.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800029

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 13-декабры № 2017-П-14/51-7-(ПС) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 16 жана 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары (кошо тиркелет) жактырылсын.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, республиканын коммерциялык банктарын, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.

Төраганын милдетин аткаруучу

Н. Жениш
