# Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-4-(ДКП) "Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-4-(ДКП) "Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 07/45-4
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-598/edition/932789/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-4-(ДКП) "Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу" токтому (13.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800017

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-октябры № 2017-П-07/45-4-(ДКП) Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Милдеттүү камдык талаптар сакталбагандыгы үчүн коммерциялык банкка Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги эсептик ченинин орточо үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

К.Кулматов
