# Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-5-(ДКП) "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга карата милдеттүү камдык талаптар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-5-(ДКП) "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга карата милдеттүү камдык талаптар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 07/45-5
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-597/edition/886137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07/45-5-(ДКП) "Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга карата милдеттүү камдык талаптар жөнүндө" токтому (25.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800016

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 25-октябры № 2017-П-07/45-5-(ДКП) Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларга карата милдеттүү камдык талаптар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар үчүн милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча милдеттүү камдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:

а) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча - улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде;

б) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча - армян драмындагы, белорусь рублиндеги, казак теңгесиндеги, кытай Жэньминьби юанисиндеги жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде;

в) ушул пункттун (б) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча - ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 12,0 пайызы деңгээлинде.

2. Милдеттүү камдар өлчөмүн, улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча камдардын жана чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча камдардын суммасы катары эсептөө зарыл.

3. Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар Улуттук банкта милдеттүү камдарды депондоштурушу үчүн төлөм өлчөмү ноль пайыз деңгээлинде белгиленсин.

4. Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар тарабынан милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмү Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги үч эселенген орточо эсептик чени өлчөмүндө белгиленсин.

5. Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган микрофинансылык компаниялар кабыл алган аманаттардын (депозиттердин) бардык категориялары да аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар үчүн милдеттүү камдарды эсептөө базасынын курамына кирген милдеттенмелер тизмегине кирет.

6. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

7. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды тааныштырсын.

8. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

К.Кулматов
