Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-октябры № 42/3 Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө";
- 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу".
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага
Т.Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобонун: 1-тиркемесинин:
- "Ченемдик укуктук актылар боюнча эскертүүлөр же аларга шилтеме" деп аталган графанын 23-пунктунун А бөлүкчөсүндөгү "Эгерде банктын башкы офисиндеги жана региондордогу тарифтери бирдей болсо, анда бирдиктүү отчет түзүлүп, анда региондор боюнча тарифтер көрсөтүлбөйт" деген сүйлөм алынып салынсын.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуу системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин:
- 4.11-пунктундагы:
"1-тиркемеге ылайык маалыматты жана анын" деген сөздөр алынып салынсын; -1-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген)Правила · 15.07.2009 · № 30/6
- Положение о Периодическом регулятивном банковском отчете (утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 25 августа 2005 года № 26/5)Положение · 25.08.2005 · № 26/5
- Об утверждении Положения «О регулятивной банковской отчетности»Постановление · 19.07.2023 · № 2023-П-10/43-5-(НПА)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген)Правила · 15.07.2009 · № 30/6
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 25 августа 2005 года N 26/5 "О некоторых нормативных правовых актах Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 25.08.2005 · № 26/5
- Положение о Периодическом регулятивном банковском отчете (утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 25 августа 2005 года № 26/5)Положение · 25.08.2005 · № 26/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлунун № 30/6 "Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин…Постановление · 15.07.2009 · № 30/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон