# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13556/edition/441267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80001

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июнундагы № 382 токтомуна ылайык 2009-жылдын 3-апрелинен баштап ЖАРАКТУУЛУГУ ТОКТОТУЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-марты №181 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоону тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 41-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"41-глава. Автомобиль транспорт менен, аба, суу жана темир жол транспорттору (атайын, кызматтык жана технологиялыктан башкалары) менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча иштин түрлөрүн, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын иштерин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү";

- 41-главанын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ишкердиктин лицензияланчу түрүнүн аталышы: автомобиль транспорт менен, аба, суу жана темир жол транспорттору (атайын, кызматтык жана технологиялыктан башкалары) менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын иштери.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
