# КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78/9
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800002>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-584/edition/1055643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800002.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800002

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 23-декабры № 78/9 Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун талабы ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан, убагында орду жабылбаган кредиттер боюнча мамилелерге да таркатылат.

5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/9 токтомуна карата тиркеме

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун:

- 77-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"77. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоолордун саны, ошондой эле пролонгациялоодо пайдаланылган пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.";

- Жобого карата 1-тиркеменин 6.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"6.3. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоолордун саны, ошондой эле пролонгациялоодо пайдаланылган пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.".
