# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы № 2017-П-09/39-5-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы № 2017-П-09/39-5-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2017-П-09/39-5-(ДКП)
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-582/edition/1081616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы № 2017-П-09/39-5-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (30.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800000

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-августу № 2017-П-09/39-5-(ДКП) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 17 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар аралык ички рынокто Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу алтынды сатуусу жана кайра сатып алуусу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин:

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күнүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу

Н.Жениш
