# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13555/edition/441537/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80000

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 19-марты №180 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №180 токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде чарбакер субъекттерге салык салуунун бирдей тартиби каралган жана бюджетке салыктарды төлөөнүн милдеттүүлүк, салык салуудагы адилеттүүлүк, салык системасынын бирдейлик принциптерине негизделет. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кодексте белгиленген ставкалардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети жана өнөр жайды, туризмди, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт, коммуникациялар, курулуш жана архитектура боюнча комитети менен бирдикте көрсөтүлчү кызматтардын ордуна жана/же наркына жараша салыктын ставкасын бир жылда бирден ашык эмес жолу өзгөртүүгө укуктуу. Мурда жарандардан жана ишкерлерден келген кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн статьясынын нормасына ылайык "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" № 58 токтомун кабыл алган, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча комитети жана өнөр жайды, туризмди, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, транспорт, коммуникациялар, курулуш жана архитектура боюнча комитети менен макулдашылган болчу. Ушул айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу зарыл эмес деп эсептейт.
