# 7-1-берене. Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/800)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII " Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 850-XII
- Кабыл алынган күнү: 06.03.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-7-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-762/edition/460509/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө, 7-1-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-7-1

---

Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө жана стратегиялык мааниге ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга өткөрүп берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелер концессиялык орган, акционердик коом менен концессионердин ортосунда түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кирген келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишимдерди узартуу өзгөртүү, бузуу тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт. Стратегиялык мааниге ээ болгон объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасын бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II. Концессиялык укук мамилелери

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-7)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-8)
