# 16-берене. Концессионердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/800)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII " Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 850-XII
- Кабыл алынган күнү: 06.03.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-762/edition/460509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө, 16-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-16

---

Концессионер:

- Кыргыз Республикасынын закондоруна ылайык өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды, бөлүмдөрдү ачууга жана консорциумдарды түзүүгө;

- ишкананын чарбалык ишин өз алдынча пландаштырууга;

- макулдашкан тараптардын өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн граждандарынан жумушчулардын жана кызматчылардын штатын өз каалоосу боюнча түзүүгө;

- өзү чыгарган продукцияны лицензиясыз ташып кетүүнү кошкондо, алынган продукциясын жана пайдасын өз алдынча пайдаланууга укуктуу.

Концессионер:

- чарба ишин Кыргыз Республикасынын закондорунан жана келишимден эч четтөөсүз аткарууга;

- Кыргыз Республикасынын закондоруна ылайык өз ишинин натыйжаларына оперативдүү бухгалтердик эсеп, ошондой эле оперативдүү отчеттуулук жүргүзүүгө;

- келишимдин мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты ай өткөндө же келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда ишкананы жоюуга, өзүнө арендага же пайдаланууга берилген мүлктү концессиялык органдарга берүүгө жана өз мүлкүн тескөөгө милдеттүү.

III. Концессиялык ишкананын ээлик кылуу жагынан иштери

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-17)
