# 15-берене. Кыргыз Республикасынын концессиялык органдарынын полномочиелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/800)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII " Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 850-XII
- Кабыл алынган күнү: 06.03.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-762/edition/460509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө, 15-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-15

---

Концессиялык келишимдерди түзүү жана аткаруу маселелери Республикасынын Өкмөтүнүн, ал укук берген же атайын түзүлгөн органдардын ошондой эле концессиядагы капиталдык салымдардын төмөндө көрсөтүлгөндөй көлөмүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана эл депутаттарынын жергиликтүү Советтеринин компетенциясы болуп саналат:

- АКШнын 0,3 млн. долларына же башка жүгүртүлүүчү валютада анын эквивалентине чейин - райондук жана шаардык мамлекеттик администрациянын жана эл депутаттарынын тийиштүү Советтеринин;

- АКШнын 0,8 млн. долларына же жүгүртүлүүчү валютада анын эквивалентине чейин - областтык жана Бишкек шаардык мамлекеттик администрациянын жана эл депутаттарынын тийиштүү Советтеринин;

- АКШнын 0,8 млн. долларынан же жүгүртүлүүчү валютада анын эквивалентинен ашканда, ошондой эле республикалык мамлекеттик башкаруу органдарынын карамагындагы объектилер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ал укук берген же атайын түзүлгөн органдардын.

Кыргыз Республикасынын концессиялык органдары:

- Кыргыз Республикасынын закондорунун, концессиялык келишимдин шарттарынын концессионер тарабынан сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана жол берилген тартип бузууну четтетүүнү талап кылат;

- концессиялык ишкана жоюлганда Кыргыз Республикасынын аймагында сатыла турган концессионердин мүлкүн артыкчылык укук менен сатып алат;

- көз карандысыз аудитордук кызматты тартуу жолу менен концессионердин финансылык-чарбалык ишин текшерет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-16)
