# 12-берене. Концессиялык келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/800)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII " Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 850-XII
- Кабыл алынган күнү: 06.03.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-762/edition/460509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө, 12-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-12

---

Концессиялык келишим анын субъекттеринин ортосундагы концессиялык мамилелерди жөнгө сала турган негизги документ болуп саналат. Капиталдык салымдардын өлчөмүнө жараша концессиялык келишим эл депутаттарынын тийиштүү Совети жана жергиликтүү мамлекеттик администрация же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле алар уполномочие берген же атайын түзүлгөн орган тарабынан түзүлөт. Концессиялык келишимдин мазмуну негизги жана кошумча жоболорду камтыйт. Негизги жоболорго:

- келишимдин субъектилери;

- келишимдин объектиси;

- төлөмдөрдүн түрлөрү, шарттары, өлчөмү жана тартиби;

- капиталдык салымдардын төмөнкү өлчөмү жана аны төлөө мөөнөтү;

- өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүнө квоталар;

- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптар;

- тараптардын биринин талабы боюнча колдонула баштаса, келишимдин шарттарын өзгөртүп жибериши мүмкүн болгон юридикалык фактылардын тизмеси;

- ишкананы жоюу тартиби;

- келишимдин мөөнөттөрү;

- тараптардын жоопкерчилиги кирет.

Калган бардык өз ара милдеттенмелер кошумча жоболорго таандык. Негизги жоболорду камтыбаган концессиялык келишим түзүлгөн учурдан тартып жараксыз деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-13)
