# 11-берене. Концессионердин төлөмдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/800)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII " Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 850-XII
- Кабыл алынган күнү: 06.03.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-762/edition/460509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө, 11-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-11

---

Концессионердин төлөмдөрү тике жана кыйыр болуп экиге бөлүнөт. Тике төлөмдөргө:

- концессия үчүн акы;

- арендалык акы, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын закондору менен белгиленет;

- Кыргыз Республикасынын закондорунда каралган салыктар кирет.

Кыйыр төлөмдөргө:

- Кыргыз Республикасынын эл чарбасына кошумча инвестиция берүү;

- концессионер тарабынан жеңилдик кредиттерди берүү;

- соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юридикалык жана физикалык жактарына концессионер тарабынан башка жеңилдиктерди берүү кирет.

Эркин жүгүртүлүүчү же ага теңештирилген валютадагы туруктуу сумма концессия үчүн акы төлөө деп түшүнүлөт, анын өлчөмү конкурстун жүрүшүндө аныкталат жана концессиялык объекттин баалануучу наркы болуп саналат. Эреже катары, бул төлөм бир жолу жүргүзүлөт жана келишимде башка шарттар каралбаса, концессиялык ишкананы чарбалык иши башталганга чейин ал мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-12)
