# 10-берене. Концессия үчүн объектилерди берүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана концессиялык ишканаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/800)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 850-XII " Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 850-XII
- Кабыл алынган күнү: 06.03.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-762/edition/460509/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө, 10-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-10

---

Концессия үчүн объектти берүү туурасында чечимди ушул Мыйзамдын 71-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, конкурстардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат. Конкурстан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн концессия алган концессионерлер ушул Закондо аныкталган тартипте жана шарттарда концессиялык орган менен концессиялык келишим түзүү укугуна ээ болот. Концессиялык келишимдердин долбоору мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү адистерди тартуу менен дайындай турган комплекстүү экспертизадан милдеттүү түрдө өтөт. Комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү келишим түзгөнгө чейин талапкерлерден алынган билдирүүлөрдө жалган маалыматтар камтылса, же концессиялык келишимге Кыргыз Республикасынын таламдарына каршы келген жоболор кирип калса, тизмеге киргизилген объектилерге карата өзүнүн чечимин ар кандай учурда кайтарып алууга укуктуу. Концессиялык ишканалар мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/800/st-11)
