# 8-статья. Өзгөчө кыймыл режими бар автомобиль жолдору

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 8-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-8

---

Автомобиль жолдоруна өзгөчө режимдүү кыймылы бар жолдор статусун берүү жана аларды пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Мындай жолдорго жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, ведомстволук жолдор, шаарлардын жана калктуу конуштардын көчөлөрү, өзгөчө бир кырдаалдарда (өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктары учурунда ж.б.) пайдаланылуучу жеке менчик жолдор да кире алат. Өзгөчө кыймыл режими бар автомобиль жолдору ведомстволук жана жеке менчик, муниципалдык автомобиль жолдорунун ээлеринин макулдугу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын оперативдүү башкаруусуна берилиши мүмкүн. Ведомстволук, муниципалдык жана жеке менчик автомобиль жолдорун өзгөчө режимдүү кыймылы бар жолдор катары компенсация төлөөнүн жана аларды оңдоо, күтүү иштерин каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-9)
