39-4-статья. Автомобиль жолдорун куруу, оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Автомобиль жолдорун куруу. оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилдик жактан камсыз кылуунун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт. Кепилдик мөөнөт курулушу бүткөрүлгөн жаңы автомобиль жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет жана эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт. Кепилдик мөөнөттүн чектеринде анын катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленген көтөрмөчүнүн күнөөсү боюнча кемтиктер табылган учурда, автомобиль жолунун ошол элементине же участогуна кепилдик мөөнөтү кемтиктерди четтетүү боюнча иштер буткөрүлгөн учурдан тартып кайрадан белгиленет. Табылган кемтиктерди четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн узактыгы кепилдик мөөнөткө кошуп эсептелбейт. Эскертүү. Кепилдик мөөнөт - автомобиль жолунун участогун куруу. ондоп куруу жана оңдoo боюнча иштерди аткарган котормочу буюртмачыга автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун эрежелерин сактоо шартында мындай иштердин сапатынын коюлган талалтарга ылайык келишине кепилдик берген убакыттын мезгили. (КР 2014-жылдын 27-февралындагы № 37, 2018-жылдын 11-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-39-4" title="39-4-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>