# 39-2-статья. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-39-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 39-2-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-39-2

---

Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө өндүрүлгөн жол иштерин ишке ашыруунун бардык баскычтарын көзөмөлдөө буюртмачы тарабынан жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен камсыз кылынат. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо ушул бөлүмдүн жол жумуштары үчүн жоболору 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо учурларын кошпогондо, ушул бөлүмүнүн жол жумуштары үчүн жоболору 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын аныктоонун усулу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2015-жылдын 2-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-39-1)  
Кийинки берене: [39-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-39-3)
