# 37-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203746); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 37-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-37

---

Автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу транспорт каражаттарын айдоочулардын, автотранспорт ишканаларынын, транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарынын, ведомстволук автомобиль жолдорунун иштешине, абалына жооп берүүчү уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети. (2-бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Бардык автомобиль жолдорунда жол кыймылынын ченемдерин жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды сактоону камсыз кылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагында аларды коргоонун тартибин сактоого милдеттүү. Төрт же андан ашык кыймыл тилкелери бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда карама-каршы багыттардагы транспорт агымдарын бөлүү үчүн тосмолорду орнотуу милдеттүү. (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-38)
