# 33-статья. Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана оңдоп куруу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203746); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 33-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-33

---

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жол-жоболору жана мөөнөттөрү жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларда транспорттун жүрүшүнө ылайык пландоону архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы автомобиль жолдорунун долбоорлору, ошондой эле ал жолдорду куруу жана оңдоп курууга карата долбоорлор жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдары менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек. Ведомстволук автомобиль жолдорун куруу жана оңдоп куруу ишинин долбоорун жактыруу транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат. (4-бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Автомобиль жолдорун курууга жана оңдоп курууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен тиешелүү макулдашууну түзгөндөн кийин бул иш-чараларды каржылоого катыша алат. Автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу, жаңы курууну жана реконструкциялоону стратегиялык планга киргизүү тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-32-1)  
Кийинки берене: [33-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-33-1)
