# 32-статья. Автомобиль жолдорун күтүү боюнча милдеттер. Жолдорду оңдоого жана күтүүгө коюлуучу стандарттар

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203746); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 32-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-32

---

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун башкарган транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жол органдары, ведомстволук жана жеке менчик жолдордун, шаарлар менен калктуу конуштардын ээлери өзүлөрүнө караган жолдорду жол кыймылынын коопсуздук талаптарына жооп бергидей абалда оңдоп күтүүгө, көрктөндүрүүгө, алардын тармактарын өнүктүрүүгө, бул максаттар үчүн бөлүнгөн каржылоо каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттүү. Жол иштери - автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жүргүзүлүүчү иштер. Автомобиль жолдорун күтүү - автотранспорт каражаттарынын натыйжалуу иштешин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылгыдай кармоо максатында автомобиль жолдорунда жол иштеринин комплексин аткаруу. Автомобиль жолдорун оңдоо жана күтүү төмөндөгүлөр аркылуу камсыз кылынат:

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору - транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдары аркылуу;

- ведомстволук жана жеке менчик жолдордо - бул жолдордун тиешелүү ведомстволору жана ээлери аркылуу;

- муниципалдык жолдор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.

Автомобиль жолдорун жана темир жол өтмөктөрүн оңдоонун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (6-бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана күтүүгө ченемдик финансылык сарптоолор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-31)  
Кийинки берене: [32-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-32-1)
