# 31-статья. Автомобиль жолдорунун абалына жоопкерчилик

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 31-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-31

---

Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары ведомстволук жана жеке менчик жолдордун, шаарлар менен калктуу конуштардын көчөлөрүнүн ээлери жана алардын кызматчылары тиешелүү тартипте жол кыймылы токтотулгандан башка учурларда, ошондой эле өзүлөрү четтетүүгө мүмкүн болбогон же четтетиши өзүлөрүнө байланыштуу эмес кырдаалдардын кесепети дуушар кылган автомобиль жолдорунун тиешелүү абалда күтүлбөгөнүнө жоопкерчилик тартышат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктары жана авария болушу мүмкүн коркунучтуу участкалар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарында жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө жана эсепке алынууга тийиш. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар натыйжалуу болсун үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык органдарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт окуялары жана ошол жолдордогу аварияга учуратуу коркунучу бар участкаларды эске алуу жана жоюу боюнча ар кварталдык отчеттору транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү жол органдары менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек. Жолдун начар шарттарына байланышкан бардык автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктарынын чыгышы тууралу материалдар ошол автомобиль жолунун тиешелүү участкасын караган жол органынын өкүлүн милдеттүү түрдө катыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары тарабынан жазылып-катталат. Жол органынын өкүлү келбеген учурда канааттандырарлык эмес жол шарттарына байланыштуу келип чыккан жол-транспорт кырсыгы жөнүндөгү материалдар Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары тарабынан жазылып-катталат жана транспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет да, жол органдары зыяндын ордун толтурууга милдеттүү болот. (КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-32)
