Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-статья. Автомобиль жолдорунун абалына жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2018 года № 66
Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары ведомстволук жана жеке менчик жолдордун, шаарлар менен калктуу конуштардын көчөлөрүнүн ээлери жана алардын кызматчылары тиешелүү тартипте жол кыймылы токтотулгандан башка учурларда, ошондой эле өзүлөрү четтетүүгө мүмкүн болбогон же четтетиши өзүлөрүнө байланыштуу эмес кырдаалдардын кесепети дуушар кылган автомобиль жолдорунун тиешелүү абалда күтүлбөгөнүнө жоопкерчилик тартышат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктары жана авария болушу мүмкүн коркунучтуу участкалар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарында жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүлүүгө жана эсепке алынууга тийиш. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар натыйжалуу болсун үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык органдарынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жол-транспорт окуялары жана ошол жолдордогу аварияга учуратуу коркунучу бар участкаларды эске алуу жана жоюу боюнча ар кварталдык отчеттору транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү жол органдары менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек. Жолдун начар шарттарына байланышкан бардык автомобиль жолдорундагы жол-транспорт кырсыктарынын чыгышы тууралу материалдар ошол автомобиль жолунун тиешелүү участкасын караган жол органынын өкүлүн милдеттүү түрдө катыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары тарабынан жазылып-катталат. Жол органынын өкүлү келбеген учурда канааттандырарлык эмес жол шарттарына байланыштуу келип чыккан жол-транспорт кырсыгы жөнүндөгү материалдар Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары тарабынан жазылып-катталат жана транспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүү үчүн тийиштүү органдарга берилет да, жол органдары зыяндын ордун толтурууга милдеттүү болот. (КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Автомобиль жолдорунун абалына жоопкерчилик
Транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары … укуктуу мамлекеттик органынын органдарында жана транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарында … эске алуу жана жоюу боюнча ар кварталдык отчеттору транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү жол … берилет да, жол органдары зыяндын ордун толтурууга милдеттүү болот.
кошулду: (КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-31" title="31-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>