# 3-статья. Автомобиль жолу, автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн тилке жана автомобиль жолдорунун боюндагы тилке түшүнүктөрү

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203746); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 3-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-3

---

Автомобиль жолу - транспорт каражаттарын ченемдик укуктук актылар аркылуу чектелген ылдамдык, салмак жана көлөм менен коопсуз жана ыңгайлуу жүрүшүнө арналган инженердик курулмалар комплекси. Жол тилкеси - автомобиль жолунун тиешелүү конструкциялык элементтерин жана инженердик курулмаларын, ошондой эле пайдалануу үчүн зарыл имараттарды, курулмаларды жайгаштырууга, коргоочу жана декорациялык өсүмдүктөрдү отургузууга бөлүнгөн автомобиль жолдору ээлеген жерлер. Жалпы пайдалануудагы долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун тилкесинин өлчөмү стандартка ылайык анын категориясына жараша белгиленет. Пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө чектелет: 1-категория-жол огунан 32 метр; 2-категория-жол огунан 16 метр; 3-категория-жол огунан 14 метр; 4-категория-жол огунан 13 метр; 5-категория-жол огунан 12 метр. Жол боюндагы тилке - автомобиль жолуна бөлүнгөн жол тилкесинин эки тарабында аны бойлото жайгашкан жана алардын чектеринде автомобиль жолунун өнүгүү келечегин эске алуу менен, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын, ошондой эле автомобиль жолдорун реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана эксплуатациялоо, аны сактоонун тийиштүү шарттарын камсыз кылуу максатында, аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жер участоктору. Жол боюндагы тилкенин туурасын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Автомобиль жолдорунун курамына жол тилкесинин ичинде жайгашкан жол боюнча инженердик курулмалар, өзүнө эксплуатациялык ишканаларды жана көмөкчү өндүрүштү камтыган жол кызматынын бирдиктүү техникалык комплекси кирет. Республиканын автомобиль жолдору жалпы пайдалануудагы жолдор, мекемелик жолдор, ошондой эле жеке менчик жолдор, муниципалдык жолдору деп бөлүнөт. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна Кыргыз Республикасынын менчиги болгон, өлкөнүн калктын социалдык-экономикалык жана коргонуу муктаждыгын алымсындыруу үчүн кызмат кылуучу шаарлар менен калктуу конуштардын ортосунда жүк, жүргүнчү ташууга кызмат кылуучу шаар сыртындагы автомобиль жолдору жана алардагы курулмалар кирет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун комплексине жол тилкесиндеги аба мейкиндиги жана жер байлыктары да кирет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору өзүнүн эл чарбалык жана административдик маанисине жараша эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдору деп бөлүнөт. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдоруна эгемендүү мамлекеттердин борборлорун байланыштыруучу, ошондой эле мамлекет аралык макулдашууларга ылайык автомобиль жолдорунун эл аралык тармагына кирүүчү автомобиль жолдору кирет. Мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдоруна республиканын административдик, маданий жана өнөр жай борборлорун, ошондой эле коңшу мамлекеттер менен транспорт жагынан өз ара катнашты камсыз кылуучу жолдор кирет. Жергиликтүү маанидеги жолдорго республиканын жана областтын административдик борборлорун райондор, айыл-кыштактар менен байланыштыруучу, ошондой эле район борборлорун мамлекеттик маанидеги жолдор менен байланыштыруучу автомобиль жолдору кирет. Ведомстволук автомобиль жолдоруна негизинен жол ээлеринин, анын ичинде айыл чарба ишканаларынын муктаждыгын тейлөөчү чарбалык ички, технологиялык, кызматтык, патрулдук, дагы башка автомобиль жолдору кирет. Жеке менчик автомобиль жолдоруна юридикалык жана жеке жактар курган жана алардын менчиги болуп саналган автомобиль жолдору кирет. Муниципалдык жолдорго калктуу конуштардын чегинин ичинде жайгашкан жана транспорт байланышын камсыз кылган жана алардын инфраструктурасынын курамдык бөлүгү болгон жолдор, көчөлөр, өтмөктөр жана транспорттук жолдор кирет. Автомобиль жолдорун квалификациялоо жана номерлөөгө коюлуучу талаптар менен тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору, ведомстволук жана жеке менчик жолдор, шаарлар менен калктуу конуштардын көчөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик эсепке алынууга тийиш. Автомобиль жолдорун мамлекеттик эсепке алууда төмөндөгүлөр эске алынат:

- автомобиль жолунун расмий картасын киргизүүнү;

- ар бир жолдун наамын, индексациясын жана узактыгын көрсөтүү менен автомобиль жолдорунун тизмегин түзүүнү;

- автомобиль жолунун баланстык наркынын өзгөрүшүн жана эскиришин;

- автомобиль жолунун техникалык паспортун, жолго тиешелүү маалыматтар корун, автомобиль жолдору ээлеген жерлердин аянты тууралу маалыматты ж.б.

(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-4)
