# 27-статья. Автомобиль жолдорун пайдаланууга тыюу салуу

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2019 [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946); 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 16.11.2011 [Закон КР от 16 ноября 2011 года № 213 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203453); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 27-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-27

---

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жана жол тилкесинде буларга тыюу салынат:

- таманы өркүндөтүлүп төшөлгөн жолдор менен каз таман транспорттун, дөңгөлөктөрүндө урчуктары, темир текөөрү, темир тикенектери, чынжыры, дагы башкасы бар машиналардын жана механизмдердин жүрүшүнө;

- жолдорду жана жол курулмаларын тышкаркы предметтер менен бөгөттөп, булгоого, жол-транспорт кырсыктарында каза болгондорду эскерүүгө тургузулган эстелик плиталарды жана мамыларды орнотууга, жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен керектен чыккан автотранспорт каражаттарынын кузовдорун, каркастарын коюуга, жол бетинде айыл чарба продуктыларын кургатууга, ошондой эле жол бетине акыр-чикирди, карды төгүүгө, материалдарды жыюуга;

- күйүүчү-майлоочу материалдардын, химиялык заттардын, битумдун төгүлүшү мүмкүн болгон иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жол үстүндө материалдарды жүктөөгө жана түшүрүүгө;

- кум, шагыл алууга;

- жыгач көпүрөлөрдө жана таманы жыгачтан жасалган көпүрөлөрдө от жагууга, тамеки тартууга;

- мал жаюуга, ошондой эле атайын чектелбеген жана жабдылбаган жерлерде жол аркылуу малды айдап өтүүгө;

- жерлерди айдоого, чөп чабууга, бак-даракты кыюуга;

- көпчүлүк эс алуучу жайга айландырууга;

- канализациядан, өнөр жай объекттеринен жана арыктагы сууларды суу бөлгүч курулмаларга жана резервдерге кое берүүгө;

- атайын чектелбеген жерлерде жолго кирүүгө жана андан бурулуп чыгууга;

- жол четинде соода жүргүзүүгө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын органдарынын макулдугусуз жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же атайын ыйгарым укук берилген жол органдарынын тиешелүү уруксатысыз жалпы пайдалануудагы жолдордо жана жол боюндагы тилкелерде төмөндөгүдөй операцияларды жасоого тыюу салынат:

- геологиялык, чалгындоочулук, курулуштук, мелиоративдик, айыл чарбачылык, дагы башка жумуштарды жүргүзүүгө, байланыш жана электр линияларын, дагы башка коммуникацияларды өткөрүүгө;

- туруктуу жана убактылуу негизги жолго кирүүчү жана андан чыгуучу имерилиштерди, башка жолдор менен жанаша кетүүчү жана алар менен кесилишүүчү жерлерди курууга;

- жол кыймылынын коопсуздугуна тиешеси жок белгилерди, көрсөткүчтөрдү, көрнөктөрдү жана ураандарды жол тилкесинде орнотууга;

- темир жол өтмөктөрүн, плотиналарды, шлюздарды, кудуктарды, дагы башка мелиоративдик жана гидротехникалык курулмаларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде чакан гидроэлектр станцияларын пайдалануу боюнча объекттер үчүн арналган суу жүгүртүүчү жана башка курулмаларды курууга, оңдоп курууга, оңдоого жана жоюуга, дарыялардын нугун жана суу куюлуучу жерлерди тереңдетүүгө;

- көпүрө-өтмөктөрдүн, эстакадалардын алдына транспорт каражаттарын жайгаштырууга;

- таманына катуу заттар төшөлгөн жолдордо автомобиль, трактор, дагы башка өзү жүрүүчү жана чиркегич транспорт каражаттарын сыноого;

- бак-дарак тигүүгө, транспорт каражаттарын, токтотуу жана жууш үчүн сервис объекттерин салууга;

- киоск, павильон, дагы башка ушуга окшогон башка курулмаларды жайгаштырууга;

- спорт мелдештерин (кросс, авто- жана мото жарыш, дагы башка көпчүлүк иш-чаралары) өткөрүүгө;

- шлагбаумдарды коюуга.

Темир жол өтмөктөрүн куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана жоюу учурунда Кыргыз темир жолунунун бул иштерди анын Башкармалыгы менен кошумча иретинде макулдашуу талап кылынат. Ушул статьяда саналып өткөн тыюу салуулар жана чектөөлөр транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү боюнча жумуштарды аткарып жаткан жол чарба ишканаларына таралбайт. Муниципалдык жолдорун, жеке менчик автомобиль жолдорун пайдаланууга чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволор, менчик ээлери тарабынан коюлат. (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 , 2019-жылдын 24-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-28)
