# 26-статья. Автомобиль жолдоруна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 01.07.2014 [Закон КР от 1 июля 2014 года № 102 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 26-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-26

---

Автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүк жана жүргүнчү ташуу учурунда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын оң абалда сакталышын камсыз кылууга, ушул Мыйзамдын талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасында аларды коргоонун тартибин, муниципалдык жолдорун пайдалануунун эрежелерин, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдоруна алардын ээлери кандай тартип чектесе, ошолордун баарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Автомобиль жолдорун, андагы жасалма курулмаларды, жол органдарынын мүлкүн, жол белгилерин, жол кыймылын жөнгө салуучу техникалык каражаттарды, көрсөткүчтөрдү, автопавильондорду, жол бойлорундагы бак-даракты, кардан коргоочу курулмаларды жана автомобиль жолдорун оң абалда кармоого зарыл дагы башка элементтерди бузууга жол бергендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттары менен автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жол чарбасына зыян келишине күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 1-июлундагы № 102, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-27)
