Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
26-статья. Автомобиль жолдоруна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2018 года № 66
Автомобиль жолдорун пайдалануучулар жүк жана жүргүнчү ташуу учурунда автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын оң абалда сакталышын камсыз кылууга, ушул Мыйзамдын талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин, автомобиль жолдорун, жол курулмаларын пайдалануунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасында аларды коргоонун тартибин, муниципалдык жолдорун пайдалануунун эрежелерин, ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдоруна алардын ээлери кандай тартип чектесе, ошолордун баарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Автомобиль жолдорун, андагы жасалма курулмаларды, жол органдарынын мүлкүн, жол белгилерин, жол кыймылын жөнгө салуучу техникалык каражаттарды, көрсөткүчтөрдү, автопавильондорду, жол бойлорундагы бак-даракты, кардан коргоочу курулмаларды жана автомобиль жолдорун оң абалда кармоого зарыл дагы башка элементтерди бузууга жол бергендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттары менен автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жол чарбасына зыян келишине күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 1-июлундагы № 102, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 июля 2014 года № 102 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча … белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2014-жылдын 1-июлундагы № алынып салынды: 102 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 102, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө"…Постановление · 07.02.2020 · № 72
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору…Постановление · 13.07.2015 · № 481
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-26" title="26-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>