# 23-статья. Автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесин эксплуатациялоонун тартиби

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 23-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-23

---

Автомобиль жолдорунун жерлери өзүнө автомобиль жолдорун куруу жана эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле жол-эксплуатациялык кызматтын, жол жана жол боюндагы сервистин объекттеринин нормалдуу иштешин камсыз кылуучу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу үчүн жол органдарына туруктуу жана убактылуу, анын ичинде ижара шартында пайдаланууга берилген жол тилкелеринин жана жол боюндагы тилкелердин жерилерин камтыйт. Жол сервисинин объекттерине жол тилкелеринин чектеринде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөгө арналган имараттар жана курулмалар (автобустардын токтоочу, анын ичинде павильондору бар пункттары, транспорт каражаттарынын кыска убакытка токтоп туруусу үчүн аянтчалар, транспорт каражаттарын токтотуучу жайлары бар эс алуу аянтчалары, авариялык-чакыруу байланышынын түзүлүштөрү жана башка курулмалар) кирет. Жол боюндагы сервис объекттерине жол боюндагы тилкеде жайгашкан жана жол кыймылынын катышуучуларын жол жүрүп баратканда тейлөөгө багытталган имараттар жана курулмалар (мотелдер, мейманканалар, кемпингдер, техникалык тейлөө станциялары, май куючу станциялар, тамактануу, соода кылуу, байланыш, медициналык жардам пункттары, транспорт каражаттарын жуучу жайпар, жарнама каражаттары жана башка курулмалар) кирет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, бөлүнгүс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүп берүүгө жатпайт. Автомобиль жолдору ээлеген жерлер белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат. Автомобиль жолдорунун жерлери:

- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында жалпы пайдаланууда болот;

- калктуу конуштарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын карамагында болот.

Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунун жерлери алардын ээлеринин жана менчик ээлеринин карамагында болот. Автомобиль жолдорунун тилкелери жана жол боюндагы тилкелер жол жана жол боюндагы сервис комплекстерин өнүктүрүү, абаттоо жана жайгаштыруу үчүн гана пайдаланылат. Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу долбоорлоо документтеринин, автомобиль жолдорун куруунун, оңдоонун жана күтүүнүн, жол кыймылынын коопсуздугунун жана автомобиль жолдорунун коопсуздугу жаатындагы улуттук стандарттардын ченемдеринин жана эрежелеринин негизинде аныкталат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкелеринде жана жол боюндагы тилкелерде жолдогу жана жол боюндагы сервис объекттерин өнүктүрүүнүн, абаттоонун жана жайгаштыруунун генералдык схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жолдогу жана жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштыруу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык шартка ылайык жүзөгө ашырылат. Автомобиль жолдорунун жерлеринде бул жерлерди пайдалануунун белгиленген тартибин бузуу менен тургузулган кандай болбосун конструкциялар, курулмалар жана жайлар мыйзамсыз деп таанылат жана автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан, мыйзамда аныкталган тартипте, курулушту өзү билемдик менен жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен сүрдүрүп салууга жатат. Автомобиль жолдорунун жерлерин өзү билемдик менен пайдалануу бул жерлерди мыйзамсыз пайдалануу убагында жумшалган өндүрүштүк сарптоолордун орду толтурулуп берилбестен токтотулат. (КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-24)
