# 20-статья. Акы төлөмө автомобиль жолдору

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015026..1015015>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 20-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-20

---

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун ачууга болот. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда тиешелүү шарттарды кыйла жакшыртуу жана жол кыймылынын убактысын байкаларлык үнөмдөө максатында жол кыймылынын жалпы ургалдуулук көлөмүнө таянып, ошол жолдор менен жүргөн транспорт каражаттарынан жыйым алынса болот. Мындай учурда тиешелүү багыт менен жүрүүдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун сөзсүз болушу зарыл. Акы төлөмө автомобиль жолдорун иштетүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына автомобиль жолдорун пайдалануучулар үчүн салык, жыйым, төлөм жана чегеримдерди киргизүүгө тыюу салынат, буларды колдонгон учурда автомобиль транспорттору менен жүргүнчүнүн жана жүктүн бир жерден экинчи жерге эркин барышына, ташылышына тике же кыйыр түрдө чектөө коюлуп калат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-21)
