# 19-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203746)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015027..1015028>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 19-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-19

---

Автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты болгон учурда гана жол берилет. Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Атайын жана бөлүнгүс жүгү бар транспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн алардын ээлеринен транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык жыйымдар алынат жана жыйымды төлөө автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт. (Бөлүк КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ош - Бишкек автомобиль жолу боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү мамлекет үчүн өзгөчө учурларда гана жол берилет. Калган учурларда жол берилбейт. Мындай уруксат жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-20)
