# 18-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 августа 2020 года № 138 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112081)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.08.2020 [Закон КР от 21 августа 2020 года № 138 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах", "О дорожном движении в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112081); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015028..1015029>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 18-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-18

---

Жалпы пайдалануудагы, жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун жана ведомстволук автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жеке менчик автомобиль жолдорун пайдалануу жана сактоо тартиби транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча алардын менчик ээлери тарабынан белгиленет. Муниципалдык жолдорду пайдалануу жана сактоо тартиби транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу максималдык өлчөмдөрдүн, жалпы массанын, октук жүк көтөрүмдүүлүктүн жана башка линиялык параметрлердин белгиленген ченемдеринен ашпаган транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана механизмдердин жүрүүсүнө уруксат берилет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн уруксат берилген автотранспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрү, жалпы массасы, октук жүк көтөрүмдүүлүгү жана башка линиялык параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн белгиленген жабдууларды пайдалануу менен стационардык жана өткөрмө транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган тутум болгондо салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль автоматташтырылган тутум менен гана жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттердин аймагында катталган жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жана автобустардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүсү үчүн жыйымдарды алуудан бошотуу Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилет. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана аларды таразага тартуу, максималдык өлчөмдөрүм жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Иш өндүрүшү башталганга чейин уюмдар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүүнүн технологияларын жана мөөнөттөрүн макулдашууга милдеттүү. Иш өндүрүшү башталганга чейин уюмдар тиешелүү жол органдарынан иштерди жүргүзүүгө жооптуу адамдарды, технологияларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ордер алууга жана аны жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашууга милдеттүү. (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-19)
