# 17-статья. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар, алардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 132 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203372)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015023..1015024>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 17-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-17

---

Автомобиль жолдорун пайдалануу - бул жол кыймылын, ошонун ичинде жүктү жана жүргүнчүлөрдү автомобиль аркылуу ташууну, ошондой эле автомобиль жолдоруна караган жерлерде дагы башка ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылчу иш. Автомобиль жолдорун пайдалануучулар - жол кыймылына катышуучулар, ошондой эле автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн жерлерде иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар. Чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат. Максималдык салмак-габариттик параметрлер боюнча талаптарды сактаган жол кыймылынын катышуучулары, жалпы пайдалануудагы бардык автомобиль жолдору боюнча, ошондой эле жалпы пайдалануу үчүн ачык болгон ведомстволук, менчик жана муниципалдык автомобиль жолдору боюнча өтүүгө укуктуу. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 132, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-18)
