# 13-статья. Автомобиль жолдорун башкаруучу органдар. Жол органдары

- Документ: [Автомобиль жолдору жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/80)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.08.2020
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112594)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.07.2018 [Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111803); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203746); 16.05.2008 [Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/80#diff=1015025..1015027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-69/edition/1015014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль жолдору жөнүндө, 13-статья (21.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-13

---

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттик башкаруу алардын өнүгүшүн, сакталышын, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат. Жеке менчик жана ведомстволук жолдорду башкаруу ушул жолдордун менчик ээлери тарабынан ишке ашырылат. Муниципалдык жолдорду башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Жол органдары - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өз балансында күтүүчү жана ошол эле учурда алардын өнүгүшүн, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу жол ишин башкаруу иш милдетин жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу бар ишканалар жана уюмдар. Жол иши - автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу, автомобиль жолдорун иликтөө, долбоорлоо, куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү, ошондой эле ушул максаттар үчүн кадрларды даярдоо. Жол иши төмөндөгүдөй принциптердин негизинде ишке ашырылат:

- жол ишин жүзөгө ашыруу учурунда уюмдар менен граждандын укуктарынын теңдиги;

- Кыргыз Республикасынын коргонуу мүдөөсүнө жана экономикасынын өнүгүшүнө ылайык автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү мамлекеттик пландоо;

- мамлекеттик жол саясатына ылайык автомобиль жолдорун оңдоонун жана күтүүнүн артыкчылыгын камсыз кылуу;

- автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун бирдиктүү тармагын түзүүнү камсыз кылуу;

- автомобиль жолдорунун ээлеринин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсү жана контролдо болуусу;

- автомобиль жолдору жана анын кыймылынын шарттары тууралуу маалыматтын жалпыга жеткиликтүүлүгү;

- эл аралык кызматташтыкты кеңитип, автомобиль жолдор тармагынын эл аралык жол катнаш тутумуна биригиши.

Жол ишин мамлекеттик башкаруу төмөндөгүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылат:

- Кыргыз Республикасынын калкынын, экономикасынын жана коргонуу ишинин ташуу жумуштарына болгон муктаждыгын камсыз кылуучу автомобиль жолдорунун транспорттук коммуникацияларынын бири-бири менен байланышкан бирдиктүү тутумунан турган республиканын автомобиль жолдорунун тармагын түзүү;

- үзгүлтүксүз жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылуу үчүн автомобиль жолдорун пайдалануунун жалпы принциптерин белгилөө;

- жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

- автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу боюнча амамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;

- автомобиль жолдорунун абалына жана пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу;

- жол жумуштарын пландоону жана каржылоону камсыз кылуу.

Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун мамлекеттик планын иштеп чыгат, ошондой эле республиканын автомобиль жолдорун оңдоп куруу, реабилитациялоо жана инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт. (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/80/st-14)
