Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Автомобиль жолдорун башкаруучу органдар. Жол органдары
Күчүн жоготкон · 21.08.2020 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июля 2018 года № 66
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун мамлекеттик башкаруу алардын өнүгүшүн, сакталышын, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылат. Жеке менчик жана ведомстволук жолдорду башкаруу ушул жолдордун менчик ээлери тарабынан ишке ашырылат. Муниципалдык жолдорду башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Жол органдары - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун өз балансында күтүүчү жана ошол эле учурда алардын өнүгүшүн, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу жол ишин башкаруу иш милдетин жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу бар ишканалар жана уюмдар. Жол иши - автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу, автомобиль жолдорун иликтөө, долбоорлоо, куруу, оңдоп куруу, оңдоо жана күтүү, ошондой эле ушул максаттар үчүн кадрларды даярдоо. Жол иши төмөндөгүдөй принциптердин негизинде ишке ашырылат:
- жол ишин жүзөгө ашыруу учурунда уюмдар менен граждандын укуктарынын теңдиги;
- Кыргыз Республикасынын коргонуу мүдөөсүнө жана экономикасынын өнүгүшүнө ылайык автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү мамлекеттик пландоо;
- мамлекеттик жол саясатына ылайык автомобиль жолдорун оңдоонун жана күтүүнүн артыкчылыгын камсыз кылуу;
- автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун бирдиктүү тармагын түзүүнү камсыз кылуу;
- автомобиль жолдорунун ээлеринин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсү жана контролдо болуусу;
- автомобиль жолдору жана анын кыймылынын шарттары тууралуу маалыматтын жалпыга жеткиликтүүлүгү;
- эл аралык кызматташтыкты кеңитип, автомобиль жолдор тармагынын эл аралык жол катнаш тутумуна биригиши.
Жол ишин мамлекеттик башкаруу төмөндөгүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын калкынын, экономикасынын жана коргонуу ишинин ташуу жумуштарына болгон муктаждыгын камсыз кылуучу автомобиль жолдорунун транспорттук коммуникацияларынын бири-бири менен байланышкан бирдиктүү тутумунан турган республиканын автомобиль жолдорунун тармагын түзүү;
- үзгүлтүксүз жана коопсуз жол кыймылын камсыз кылуу үчүн автомобиль жолдорун пайдалануунун жалпы принциптерин белгилөө;
- жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- автомобиль жолдорун салуу жана пайдалануу боюнча амамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- автомобиль жолдорунун абалына жана пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу;
- жол жумуштарын пландоону жана каржылоону камсыз кылуу.
Транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун мамлекеттик планын иштеп чыгат, ошондой эле республиканын автомобиль жолдорун оңдоп куруу, реабилитациялоо жана инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт. (КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июля 2018 года № 66 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 146 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 мая 2008 года № 89 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об автомобильных дорогах"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сакталышын, оңдолушун жана күтүлүшүн камсыз кылуучу транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ишке … камсыз кылуу;
- автомобиль жолдорунун ээлеринин транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсү жана … жумуштарын пландоону жана каржылоону камсыз кылуу.
Транспорт жана алынып салынды: коммуникациялар кошулду: жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында … 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 146 кошулду: 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/80/st-13" title="13-статья - Автомобиль жолдору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>