# 96-статья. Жерлерди коргоонун мазмуну

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 96-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-96

---

1. Жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар:

1) жер участокторун сарамжал пайдаланууну;

2) кыртыштын асылдуулугун, ошондой эле жердин башка касиеттерин калыбына келтирүүнү жана жогорулатууну;

3) жерлерди бузулуудан, суу жана шамал эрозиясынан, селдерден, суу ташкынынан, саз басуудан, кайрадан шорго айлануудан, тыгыздалуудан, өндүрүштүн калдыктары, химиялык жана радиоактивдүү заттар менен булгануудан, бузулуунун башка процесстеринен коргоону;

4) айыл чарба жерлеринин жана башка жерлердин карантиндик зыянкечтерден жана өсүмдүктөрдүн дарттарынан, отоо чөп, бадалдар басып кетүүдөн, жерлердин маданий-техникалык абалын начарлатуучу башка түрлөрдөн коргоону;

5) бузулган жерлерди рекультивациялоону, жерлердин асылдуулугун жана башка пайдалуу касиеттерин калыбына келтирүүнү жана аны өз убагында чарбалык иштетүүгө тартууну;

Караңыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

6) жерди бузууга алып келүү менен байланышкан жумуштарды жүргүзүүдө кыртыштын асылдуу катмарын сыйрып алууну, пайдаланууну жана сактоону;

7) эгерде кыртыштын асылдуулугун башка жол менен калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, бузулган айыл чарба жерлерин консервациялоону камсыз кылышат.

2. Жерлерди коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [95-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-95)  
Кийинки берене: [97-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-97)
