Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
96-статья. Жерлерди коргоонун мазмуну
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар:
1) жер участокторун сарамжал пайдаланууну;
2) кыртыштын асылдуулугун, ошондой эле жердин башка касиеттерин калыбына келтирүүнү жана жогорулатууну;
3) жерлерди бузулуудан, суу жана шамал эрозиясынан, селдерден, суу ташкынынан, саз басуудан, кайрадан шорго айлануудан, тыгыздалуудан, өндүрүштүн калдыктары, химиялык жана радиоактивдүү заттар менен булгануудан, бузулуунун башка процесстеринен коргоону;
4) айыл чарба жерлеринин жана башка жерлердин карантиндик зыянкечтерден жана өсүмдүктөрдүн дарттарынан, отоо чөп, бадалдар басып кетүүдөн, жерлердин маданий-техникалык абалын начарлатуучу башка түрлөрдөн коргоону;
5) бузулган жерлерди рекультивациялоону, жерлердин асылдуулугун жана башка пайдалуу касиеттерин калыбына келтирүүнү жана аны өз убагында чарбалык иштетүүгө тартууну;
Караңыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
6) жерди бузууга алып келүү менен байланышкан жумуштарды жүргүзүүдө кыртыштын асылдуу катмарын сыйрып алууну, пайдаланууну жана сактоону;
7) эгерде кыртыштын асылдуулугун башка жол менен калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, бузулган айыл чарба жерлерин консервациялоону камсыз кылышат.
2. Жерлерди коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…келтирүүнү жана аны өз убагында чарбалык иштетүүгө тартууну;
кошулду: Караңыздар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 "Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
6) жерди бузууга алып келүү менен байланышкан жумуштарды жүргүзүүдө … камсыз кылышат.
2. Жерлерди коргоонун тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-96" title="96-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>