# 95-статья. Жерлерди коргоонун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 95-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-95

---

1. Жерлерди коргоо курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгү катары жер участогун коргоого, жер участогун сарамжалдуу пайдаланууга, айыл чарбасында жана токой чарбасында пайдаланылган жерлерди негизсиз алып коюуга жол бербөөгө, ошондой эле кыртыштын асылдуулугун, айыл чарба жана токой чарба багытындагы жерлердин продуктуулугун калыбына келтирүүгө жана жогорулатууга багытталган укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка иш-чаралардын тутумун камтыйт.

2. Жерлерди коргоо жер участокторунун менчик ээлери жана жерди пайдалануучулар тарабынан ушул Кодексте белгиленген ченемдерге жана талаптарга жана курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Жерлерди коргоонун максаты:

1) жаратылышты коргоочу өндүрүш технологияларын колдонууну стимулдаштыруу жана токой-мелиорациялык иш-чараларды жүргүзүү жолу менен жердин деградацияланышына жана кыртыштуу катмарынын жана башка сапаттык көрсөткүчтөрүнүн бузулушуна жол бербөө;

2) кыртыштын үстүңкү катмарын жакшыртууну жана калыбына келтирүүнү;

3) деградацияланган же бузулган жер кыртышын жакшыртууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

4) экологиялык нормативдерди сактоо болуп саналат.

---

Мурунку берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-94)  
Кийинки берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-96)
