# 90-статья. Суу фондусунун жерин пайдалануу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: 141-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957); 14.06.2016 [Закон КР от 14 июня 2016 года № 80 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111359)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285804..1285805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 90-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-90

---

1. Суу фондусунун жери белгиленген тартипте берилген уруксаты болгон учурда калктын ичүү, тиричилик, ден соолукту чыңдоо жана башка муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу жайларды куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле суу чарба, айыл чарба, жаратылышты коргоо, өнөр жай, балык чарба, энергетика, анын ичинде кайра жаралуучу энергияны пайдалануу, транспорт жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Санитардык талаптарды сактоо менен жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган жер участокторун пайдаланууга жол берилет.

2. Суу фондусунун жерлерин пайдалануу тартиби ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-89)  
Кийинки берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-91)
