# 84-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин курамы

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: 141-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285813..14324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 84-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-84

---

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын жерлери кирет.

2. Бул жерлердин курамына ошондой эле жаратылыш комплекстери жана өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо багытына ээ объектилери бар жер участоктору киргизилиши мүмкүн.

Рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо объектилери өз алдынча өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары уюштурулушу мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-85)
