# 83-статья. Коргонуунун жерлери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285797..1285798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 83-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-83

---

1. Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүн, мекемелерин, аскердик-окуу жайларын жана башка уюмдарын жана коргонуу менен коопсуздук жагынан милдеттерди аткарган башка аскерлерди жайгаштыруу жана туруктуу иштетүү үчүн берилген жерлер коргонуунун жерлери деп эсептелет.

2. Ыйгарым укуктуу органдар коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен коргоо муктаждыгы үчүн берилген жерлердин айрым жер участокторун айыл чарба максаттарына пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын жактарына убактылуу пайдаланууга бере алат.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-82)  
Кийинки берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-84)
