# 82-статья. Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2016 года № 80 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111359)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285792..1285793>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 82-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-82

---

(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Ушул Кодексте белгиленген тартипте тийиштүү максаттуу багыт үчүн жеке жана юридикалык жактарга берилген жерлер өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер деп эсептелет.

11. Энергетиканын жерлерине төмөнкүлөр үчүн бөлүнгөн жер участоктору кирет:

1) жылуулук станцияларын жана башка электр станцияларын, алардын курулмаларын жана объекттерин тейлөөчү, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштырууга;

2) электр берүүчү аба линияларды, электр берүүчү кабелдик линиялардын жердин үстүндөгү курулмаларын, подстанцияларды, бөлүштүрүүчү пункттарды, энергетиканын башка курулмаларын жана объекттерин жайгаштырууга.

2. Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жерлерин жана башка багыттагы жерлерди пайдалануу өзгөчөлүктөрү атайын мыйзамдар менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-81)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-83)
