# 79-статья. Калктуу конуштардын жерлерин зоналарга бөлүү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 января 2006 года № 7 "О внесении дополнения и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1795)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285766..1285767>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 79-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-79

---

1. Зоналарга бөлүү - калктуу конуштардын жерлеринин аймагын пайдалануунун функционалдык жана укуктук режимин белгилөө менен зоналарга бөлүү.

2. Калктуу конуштардын аймагын функционалдык зоналарга бөлүү аймактарды пайдалануунун келечектүү (негизги) түрлөрүн жана шаар куруу чектөөлөрүн аныктоо үчүн шаар куруу документтеринин курамында аткарылат.

3. Калктуу конуштардын аймагын укуктук зоналарга бөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын юрисдикциясындагы чегараларда жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 20-январындагы № 7 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-80)
