# 78-статья. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225); 07.02.2005 [Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285790..1285791>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 78-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-78

---

1. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канаттандыруучу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары,, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат.

2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

3. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жалпы пайдалануудагы жерлерге ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жеңил типтеги куруштарга уруксат берилиши мүмкүн.

4. Жалпы пайдалануудагы жерлерде калктын маданий-тиричилик муктаждыгын камсыз кылуу жана канааттандыруу үчүн калкты социалдык-тиричилик тейлөө объекттери менен жер алдындагы капиталдык курулмаларды (автомобиль транспортунун токтоочу жайларын, парковкаларды, тоннелдерди, өткөөлдөрдү), ошондой эле жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларды, спорттук, концерттик жана балдар аянтчаларын уюштурууга, долбоорлоого жана курууга жол берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди курууда токой парктарынын, бульварлардын жана скверлердин аянттарын кыскартуунун чектери жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 78-берененин 1-пунктундагы тыныш белгиси “,” кайталанып калган

---

Мурунку берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-77)  
Кийинки берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-79)
