# 77-статья. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 107 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111957); 12.12.2017 [Закон КР от 12 декабря 2017 года № 207 (12) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в области землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111704); 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 198 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111242); 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225); 16.11.2011 [Закон КР от 16 ноября 2011 года № 213 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203453); 20.01.2006 [Закон КР от 20 января 2006 года № 7 "О внесении дополнения и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1795); 07.02.2005 [Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1611); 23.06.2004 [Закон КР от 23 июня 2004 года №77 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1463)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=14324..23438>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 77-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-77

---

1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.

2. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.

3. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт.

4. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте бекитилет.

5. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана үй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.

Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.

6. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн, ошондой эле жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын санитардык талаптарды сактоо менен орнотуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

7. Курулуш үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объектилерди (чатырларды, күркөлөрдү, санитардык талаптарды сактоо менен жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) базалык станцияларды, рекламалык такталарды жана башка капиталдык эмес объектилерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) салуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

8. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Субижарага берилиши мүмкүн болбогон мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участокторун кошпогондо, калктуу конуштардын убактылуу пайдаланууга берилген жерлери ошол жерлерди максаттуу арналышына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн. Тиешелүү жер участокторунда турган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага жана субижарага берилиши мүмкүн.

10. Калктуу конуштардын жерлеринин аймагында башка тиешелүү категориядагы жерлер болушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-июнундагы № 77, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2006-жылдын 20-январындагы № 7, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12), 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-78)
