# 72-статья. Айыл чарба багытындагы жерлер

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 августа 2020 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.08.2020 [Закон КР от 14 августа 2020 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112137); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111436)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285807..1285808>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 72-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-72

---

1. Айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттарга багытталган жерлер айыл чарба багытындагы жерлер деп эсептелет.

2. Айыл чарба багытындагы жерлердин курамына айыл чарба аянттары жана чарбалардын ичиндеги жолдор, коммуникациялар, туташ көлмөлөр, курулуштар жана айыл чарбасынын иштеп туруусу үчүн зарыл болгон имарат жайлар ээлеген жерлер кирет.

Дагы караңыздар Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 токтому менен бекитилген

3. 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, бөлүнбөс болуп саналат.

5 гектардан жогору айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана өз алдынча участокторго бөлүнүшү мүмкүн. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-июлундагы № 156, 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-71)  
Кийинки берене: [73-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-73)
