# 7-статья. Жерди пайдалануучулардын жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418); 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 198 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111242); 17.06.2015 [Закон КР от 17 июня 2015 года № 131 "О внесении дополнения в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111174); 22.07.2011 [Закон КР от 22 июля 2011 года № 117 "О внесении изменения и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203357)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285813..14324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 7-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-7

---

1. Жер участогун пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн.

2. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, анын ичинде ижара келишиминин шартында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.

3. Жер участоктору чет өлкөлүк жактарга жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга гана берилет.

4. Айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунан кайрак жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерди, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга чейинки мөөнөткө берилген жерлерди кошпогондо, 5 жылга ижарага берилет. Бул мөөнөттөр аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.

5. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарган ижарачы келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардын алдында артыкчылыктуу укукка ээ. Ижарачы ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми эгерде келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин колдонулушу аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө ушундай келишим түзүүгө ниети жөнүндө ижарага берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүгө макулдугу же макул эместиги жөнүндө ижарага алуучуга 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

Жаңы мөөнөткө жер участогунун ижара келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн. Эгерде ижарага берүүчү жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн ижарага алуучуга жазуу жүзүндө баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен ижара келишимин түзсө, ижарага алуучу өз тандоосу боюнча сотто түзүлгөн келишим боюнча укуктарды жана милдеттерди өзүнө которууну, аны менен ижара келишим түзүүдөн баш тартуудан келтирилген чыгашалардын жана колдон чыгарылган пайданын ордун толтурууну же болбосо ушундай чыгашалардын гана ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Колдон чыгарылган пайданы кошуп алганда, чыгашанын ордун толтуруу түзүлгөн тиешелүү келишим колдонулган мөөнөткө толук көлөмдө ордун толтурууга жатат. Эгерде ижарага алуучу ижарага берүүчү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү каршы пикир болбогондо, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жер участогун пайдаланууну улантса, келишим мурдагы келишимде түзүлгөн тиешелүү мөөнөткө ошол эле шарттарда кайра жаңыртылды деп эсептелет.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык жер участогун пайдалануу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин шериктештигине өткөрүп берүү менен турак же турак эмес жайды жеке менчикке сатып алганда токтотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-мартындагы № 30, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2015-жылдын 17-июнундагы № 131, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2022-жылдын 5-августундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-8)
