# 67-статья. Жер участогу максаттуу багытын бузуу менен пайдаланылган учурда аны алып коюу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285797..1285798>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 67-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-67

---

1. Жер участогу анын максаттуу багытын бузуу менен пайдаланылган учурда, аны соттун чечиминин негизинде гана алып коюуга болот.

2. Ыйгарым укуктуу орган жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу үч айдан ашпаган мөөнөттө тартип бузууларды четтетпегендиги туурасында кат жүзүндө эскертилгенден кийин жер участогун алып коюу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсү төмөндөгүлөрдү аныктоого тийиш:

1) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жол берген тартип бузууну жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чараларды;

2) тартип бузуу четтетилүүгө тийиш болгон мөөнөттөрдү;

3) тартип бузууну четтетпөөнүн кесепеттерин;

4) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан ушул эскертүүгө карата даттануу ыкмасын.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 67-беренесинин текстинде мамлекеттик жана расмий тилдеги айырмачылыктар бар

---

Мурунку берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-66)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-68)
