# 66-статья. Жер участогун алып коюунун негиздери

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2022 [Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112418); 24.07.2019 [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946); 01.06.2017 [Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111605); 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 198 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111242); 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225); 07.05.2012 [Закон КР от 7 мая 2012 года № 46 "О внесении дополнения и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203646); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 22 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202056); 17.02.2003 [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 36 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1160)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285813..14324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 66-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-66

---

1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:

1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;

2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);

3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;

4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою, ал эми энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен объектилерди куруу максаты үчүн - үч жыл бою пайдаланбоо;

5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;

6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.

7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса);

8) мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринен берилген жер участогуна ижара төлөмдөрүн алты айдын, же келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөбөсө;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыздык катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилген, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участогун максаттуу пайдаланбаганда.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларында каралган учурларда жер участогун алып коюу аны алып коюуга жана сатууну жүргүзүүнү уюштурууга байланыштуу чыгымдарды чыгарып салуу менен жер участогунун эсине жер участогуна болгон укуктун наркын төлөп берүү менен жүргүзүлөт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун 1, 3, 4, 5, 6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча алынган жер участогу сатуу үчүн соодага коюлушу мүмкүн.

Эгерде жер участогуна укукту сатуу боюнча соода болгон жок деп табылса, жер участогуна болгон укук жер участогунун ээсине же жерди пайдалануучуга жердин сооданы өткөрүү учурундагы рыноктук баасы боюнча төлөнүп берилүү менен ыйгарым укуктуу органга өтөт.

4. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.

5. Жер салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төкпөгөн учурда жер участогун алып коюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу акылары төлөнбөгөн учурда жер участогун алып коюу "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2007-жылдын 26-февралындагы № 22, 2012-жылдын 7-майындагы № 46, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 24-июлундагы № 99, 2022-жылдын 5-августундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-65)  
Кийинки берене: [67-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-67)
