# 65-статья. Жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 22 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202056)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285769..1285772>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 65-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-65

---

Жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелет жана жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу болгон тартип бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин, жеке же юридикалык жак администрациялык жоопкерчиликке тартылганда, ушул Кодекстин 66-статьясынын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында жана 7-пунктчасында каралгандан башка учурларда сот тарабынан гана колдонулат. Ыйгарым укуктуу органдын эскертүүсүндө:

1) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жол берилген тартип бузуу жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чаралар;

2) тартип бузуу четтетиле турган мөөнөт;

3) эскертүүнү аткарбоонун кесепеттери;

4) аталган эскертүүгө жер участогунун ээсинин же жерди пайдалануучунун даттануу ыкмасы аныкталууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-66)
