# 63-статья. Табият кырсыгынын натыйжасында андан ары пайдаланууга мүмкүн болбой калган учурда жер участогуна укуктун токтотулушу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 63-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-63

---

1. Эгерде табият кырсыгынын натыйжасында турак жай турган же турак жай курууга жана тейлөөгө берилген жер участогун андан ары пайдалануу мүмкүн болбогондо, ыйгарым укуктуу орган жер участогунун көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланууга жараксыздыгы жөнүндө чечим чыгарат. Мында ыйгарым укуктуу орган жараксыз деп табылган жер участогунун өлчөмүнө карабастан ошол калктуу конуш үчүн белгиленген норма боюнча турак үй куруу жана тейлөө үчүн калктуу конуштун чегинен башка жер участогун акысыз берүүгө укуктуу.

2. Жер участогун акысыз берүү андан ары пайдаланууга жараксыз деп табылган жер участогунун ордуна бир жер участогунун эсебинде жүргүзүлөт. Жер участогун акысыз берүүнүн башка учурлары ушул Кодекстин 32-статьясында каралган учурларда жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-64)
