# 62-статья. Жер участогуна укукту токтотуу

- Документ: [Жер кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/8)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 "Жер кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225); 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года № 159 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203759); 26.02.2007 [Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202057)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/8#diff=1285790..1285791>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-5/edition/1285754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/8/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер кодекси, 62-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-62

---

Төмөндөгү учурларда жер участогуна укук токтотулат:

1) жер участогуна укук башка жакка ээликтен ажыратылганда;

2) мыйзамдарга ылайык жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучунун милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жер участогуна коюлганда;

3) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу дүйнөдөн кайтканда, мурасчылар жок болсо;

4) жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу жер участогуна болгон укугунан ыктыярдуу баш тартканда;

5) жер участогун пайдалануу мөөнөтү бүткөндө;

6) ага байланыштуу кызматтык жер аянты берилген эмгектик жана ага теңештирилген мамилелер токтотулганда;

7) табият кырсыгынын натыйжасында жер участогун андан ары пайдаланууга мүмкүн болбой калганда;

8) ушул Кодекстин он биринчи главасында каралган тартипте жер участогу алынып коюлганда;

9) мамлекеттик же муниципалдык жерди пайдалануучу, коомдук бирикме, коомдук фонд жана диний уюм жоюлганда;

10) айыл чарба багытындагы жер участогунун же жер участогунун ээси Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыккан учурда, ипотекалык турак-жай курулушунан башка учурларда;

11) концессиялык келишимдин, тоо концессиясы жөнүндө келишимдин, продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулганда, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганда;

12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкактарында түзүлгөн макулдашууну колдонуу токтотулганда;

13) жер участогунун ижара келишими бузулганда.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2012-жылдын 9-августундагы № 159, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-61)  
Кийинки берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/8/st-63)
